Рыскулов Анарбек

Википедия дан

Рыскулов Анарбек (1956-ж. т„Токмок ш.) - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1987).

1966-ж. СССР Чон театрынын алдындагы Москва академиялык хореографиялык окуу жайына кабыл алынган.

1974-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын балеттик тобунда.

«Жизелден» граф Альберттин, «Спартактан» Красстын, «Саманчы жолунан» Субанкул-дун, «Аселден» Ильястын, «Маңкурт баянынан» Дөнөнбай менен Жоломандын, «Томиристен» падыша Кирдин, «Миң бир түндөн» шах Шахриярдын, «Ак кемеден» Орозкулдун ж. б. партияларын аткарат.

1989-ж.«Сең кимсиң Ээли» (режиссёру М. Миңжылкиева) көркөм фильмден Таксырдын, 1991-ж. «Демондун түнү» (режиссёру Т. Үсөнов) аттуу фильмден майор Айбектин ролдорун аткарган.

Театрдын коллективи менен КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.