Рыспаев Барпы

Википедия дан

Рыспаев Барпы (15. 9. 1927, Талас облусу, Киров р-ну, Арчагул айылы - 11.3.2005, Ош шаары) - СССР (1958-66) жана Кыргыз ССР (1985-90) Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1987).

  • Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетине караштуу республикалык партиялык мектепти (1950), Москвадагы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1956), коомдук илимдер академиясын (1966) бүткөн.
  • 1942-48-жылдары Чаткал райондук соттун катчысы, сот-аткаруучусу, элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, аскер комиссариатынын катчысы, райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, төраганын орун басары,
  • 1950-58-жылдары партиялык жооптуу кызматтардын кызматкери,
  • 1958-60-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1-катчысы,
  • 1961-64-жылдары партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин 1-катчысы,
  • 1966-81-жылдары Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, партиянын Ош облустук комитетинин катчысы,
  • 1981-86-жылдары Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жай министри,
  • 1986-91-жылдары басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы,
  • 1993-95-жылдары Тамак-аш өнөн жай министрлигинде кеңешчи, башкы адис болуп иштеген.
  • «Эл достугу», «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
  • Экономика илимдеринин кандидаты.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6