Рязанов, Алексей Константинович

Википедия дан

Рязанов Алексей Константинович (27. 2. 1920-ж. т., Чоң Кочетковка кыш., азыркы Тамбов обл., Токарев району) - эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1943, 1945), авиациянын генерал-майору (1970).

1942-жылдан КПСС мүчөсү. 1939-ж. учкучтардын В. П. Чкалов атындагы Борисоглебск авиац. мектебин бүткөн. Улуу Ата Мек. согушта (1941-45) учкуч (1941-42), эскадрильянын командири (1942-44), авиаполктун командирине орун басар. 509 жолу аба салгылашына катышып, өзү душмандын 31, башкалар менен бирге 16 самолётун атып түшүргөн. 1950-ж. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын, 1958-ж. Генштаб аскер академиясын бүткөн. 1959-жылдан аскердик жооптуу кызматтарда болуп, 1962-жылдан Аба чабуулунан коргонуу аскерлеринин борбордук аппаратында иштейт. Үч Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, Александр Невский, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган. Тамбов областынын Токаревка кышаарында Рязановдун бюсту коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.