Мазмунга өтүү

Рязин Пётр Александрович

Википедия дан

Рязин Пётр Александрович (20. 10. 1906, Россия империясы, Москва губерниясы, Солнечногорск шаары – 12. 3. 1984, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1941), профессор (1953), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1960). Москва университетин бүтүргөн (1931). 1935-50-жылдары СССР Илимдер Академиясынын физика институтунда, 1952–60-жылдары Москва инженердик-физика институтунда илимий кызматкер, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын вице-президенти (1960–65), ФМИнин директорунун орун басары (1965–69) болуп иштеген. Радио физика, сызыктуу эмес термелүүнүн теориясы, ядро физикасы боюнча адис. Бетатрон жана синхротрондогу циклдик ылдамдануу учурундагы инжекция теориясын иштеп чыккан. 30дан ашуун илимий эмгектин автору. Эмг.: Зависимость тока захвата от скорости нарастания магнитного поля в синхротронах и бетатронах//Изв. АН Кирг. ССР. № 1, 1967.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]