Рүстөм Анарботоев

Википедия дан

Рүстөм Анарботоев - коомдук ишмер.

Өмүрү жана аткарган кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейлек районунун Исфана айылдык кеңешине караштуу Беш-Бала айылында 2-сентябрь, 1954-жылы Самат атындагы орто мектебине 1-класска барып,
1961-жылдан Ала-Булак районуна караштуу Шакафтар мектеп-интернатында окуп,
1965-жылы орто билимге ээ болгон.
1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1969-1974-жылдары Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институнун ветеранария факультетинде окуган.
1975-1980-жылдары Лейлек райондук бөлүмдө начальниктин орун басары, начальник болуп иштеген.
1980-жылдын Май айынан Лейлек райондук партия комитетине,
1980-1985-жылдары Ош областынын партиялык комитетинин инструктору болгон.
1985-1990-жылдары Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин уюштуруу бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.
1990-1991-жылдары эл депутаттарынын Лейлек райондук аткаруу кеңешинин төрагасы,
1991-1992-жылдары эл депутаттарынын Лейлек райондук кенештин төрагасы.
1992-1995-жылдары Лейлек райондук мамлекеттик адиминистрациянын башчысы.
1995-жылдын январь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп жатат.
1991-1995-жылдары эл депутаттарынын Ош областтык кеңештин депутаты болуп шайланган.
Кайсы кызматта болбосун ак ниет, таза уйуштуруучулук менен иштеп, кичи пейил, адамгерчиликтүү касиетине ээ.
5 баланын атасы.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Г.Мадаминов. Лейлек жана лейлектиктер тарыхы. Бишкек, 1998-ж.