СВОТ

Википедия дан

СВОТ (SWOT-анализ) (англ, strength - күч, кубат, weak - бошоңдук, солгун тартуу, opportunity - мүмкүнчүлүк жана threat - коркунуч) - кыскартылган татаал сөз, СВОТ - анализ деп айтылат.

Бул термин компания (фирма) менеджери тарабынан экономикалык кырдаалды анализ жасоо үчүн пайдаланылат; мында ал (компания) өзүнүн иш-аракеттерин, ошондой эле колдогу (же мүмкүн болуучу) ресурстарды ишке ашырат. Англис сөзүнүн «кубат», «бошоң», «мүмкүнчүлүк» жана «коркунуч» баштапкы ариптеринен (тышкы чөйрө боюнча алып Караганда) түзүлгөн. Бул факторлорду эсепке алуу менен фирманын абалы аныкталып белгиленет да, андан кийин тиешелүү милдеттер коюлуп, кубаттуулукту өстүрүү жана бошоңдукту жоюу, ошону менен мүмкүнчүлүк-өрдү пайдалануу жана алдыда кездешүүчү коркунучтун алдын алуу боюнча план түзүлөт. Мында муну эске алуу өтө зарыл болуп саналат ишкананын тышкы чөйрө менен байланышы динамикалуу болуп, эч качан статикалык болбойт. Ошондуктан күн сайын анын ресурстары табылгалуу жана табылгасыз келишимдерге, жумуш иштөөчүлөрдүн санына, жаңы продукцияларды иштеп чыгуу жана өндүрүп чыгарууга (жаңы жумуштардын, тейлөөлөрдүн аткарылышына), инвестицияларга байланыштуу өзгөрүп турат. Алардын негизгилеринин бири (фирмага карата катышы боюнча алып Караган- да): экономикалык чөйрө (инфляция, салыктар, пайыздык ставкалардын ченеми ж.б.), саясий кырдаал (өкмөттүн алмашуусу, саясий туруксуздук ж.б.), укуктук чөйрө (ишкананын ишаракетгерине тиешелүү мыйзамдык өзгөрүүлөр ишкердиктин бул же тигил багыттарын демилге аркылуу өнүктүрүп же тескерисинче жабыркатып, кызматкерлерди жумуштан чыгарууну татаалдантып же жөнөкөйлөтүп жибериши мүмкүн), технологиялык чөйрө (жаңы технология, эгерде аны иштетүүдө атаандаш ийгиликке жетишкен болсо, атаандаш жөндөмдүүлүктү жогорулатууга же аны төмөндөтүүгө алып келиши ыктымал), социалдык-маданий чөйрө (жаңы социалдык идея, модалар жана фасондор), табигый-климаттык кырдаал жана демографиялык жагдай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8