Сабактар боюнча топтом

Википедия дан

Сабактар боюнча окуу-усулдук топтом – негизинен окуучу үчүн арналып түзүлөт. Ал ар бир класс үчүн да, ар бир окуу предмети боюнча да жазылат. Топтомдун максаты окуучуну жалгыз окуу китеп менен чектебөө, анын окуу ишкердүүлүктөрүнүн ар тарабынан өсүүсүн, калыптануусун камсыз кылуу, өз алдынча ишкер аракеттенүүлөрүн уюштуруу. Демек, аталган топтом өзүнө бир канча окуу куралдарын камтып турат. Сабактар боюнча окуу-усулдук топтомдун типтери, түрлөрү жөнүндө окумуштуулардын (Д. Д. Зуев, И. А. Ерофеев, В. П. Мак-саковский, С. Г. Шапавалененко, Н. М. Шахмаев, Я. А. Микк, К. Я. Сакс жана башкалар) пикирлери бирин бири толуктап турат.

Сабактар боюнча топтом төмөндөгүдөй окуу куралдарынын типтүү тутумунан турат жана окуучулардын окуу мотивациясын, кызыкчылыктарын тереңдетип, окуу маалыматтардын мол жана терең болушуна шарт түзөт, алардын өз алдынча иштөөгө болгон машыгууларын ар тараптуу өнүктүрөт. Мисалы,

  • окуу китеби (негизги маалыматты берүүчү);
  • жумушчу дептери (өз алдынча иштөөсүн уюштуруу жана башкаруу);
  • таратып берүүчү материалдар (окуучунун билгичтиктерин жана машыгууларын калыптандыруучу, жеке иштөөсүнө багыт берүүчү);
  • кошумча материалдардын жыйнагы (окуу ишкердүүлүктөрүн арттыруу, окууну турмуш менен бай ланыштыруу);
  • маалымат бергичтер (окуу материалдарын ар тараптан байытуучу жана кайталап үйрөтүүгө багыттоочу);
  • текшерүү жумуштарынын топтомдору (үйрөнгөндөрүн жана машыгууларын текшерүү максатында);
  • таблицалар (билимдерин, билгичтиктерин конкреттештирүүчү)
  • аудиовидео материалдар (окуу китепке кошумча фактылар катары колдонуу үчүн);
  • окуу сөздүктөрү;
  • көнүгүү топтомдору;
  • маселелер жыйнактары жана башкалар

Бул топтомго кирген ар бир окуу куралдарынын сабактагы дидактикалык кызматы, орду жана аны колдонуу максаты, ыгы бар.

Сабактар боюнча окуу топтому окуучуга арналып түзүлгөндүктөн, алар ар бир окуучуга жеткиликтүү санда чыгарылышы максатка ылайыктуу жана алар класс канасында же мектеп китепканасында сакталышы мүмкүн. Учурда кыргыз мектептери үчүн «Алиппе», «Кыргыз тили», «Математика», «Мекен таануу», «Орус тили», «Орус адабияты» предметтери боюнча жогоруда аталгандай топтомдор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,