Сабакты талдоо

Википедия дан

Сабакты талдоо – билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүүчү сабакты (лекцияны, семинарды жана башкалар) толугу менен же анын айрым жактарын, курамдык бөлүктөрүн иликтөөгө жана баалоого багытталган методикалык иштин бир түрү. Сабакты талдоо мугалимдерге, окутуучуларга методикалык жардам көрсөтүү, алардын тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо максатында жүргүзүлөт.

Сабакты талдоонун бирдиктүү схемасы жок, анткени ал талдоонун максатына, окуу предметине, окутуунун баскычына жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Сабакты талдоо адатта төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • сабактын тема, бөлүм боюнча сабактардын катарындагы орду;
  • сабактын максаты жана милдеттери (окутуучулук, өнүктүрүү-чүлүк, тарбиялоочулук);
  • сабактын мазмуну;
  • колдонулган методдордун жана ыкмалардын, окутуу каражаттарынын сабактын максатына, мазмунуна ылайыктуулугу;
  • окуп үйрөнүүчүлөрдүн иш-аракети (иштөө ыкмалары, көңүл буруулары, кызыгуулары, активдүүлүгү, өз алдынчалыгынын даражасы жана башкалар); мугалимдердин иш-аракети, өзүн алып жүрүүсү.

Талдоонун натыйжасында сабак максатына жеткендиги же жетпегендиги аныкталуусу тийиш. Сабактын окутуучулук максатынын ишке ашкандыгы төмөнкү суроолор аркылуу такталышы мүмкүн: окуучулар кандай билимдерге ээ болушту, алардын сапаты кандай, окуучуларда кандай билгичтиктер жана көндүмдөр калыптанды же калыптана баштады. Бир сабакты талдоонун негизинде окуп үйрөнүүчүлөрдү тарбиялоодогу жана өнүктүрүүдөгү жылыштарды аныктоо кыйын, көпчүлүк учурда мүмкүн да эмес. Ошентсе да сабактын жүрүшүн, анын этаптарын талдоо менен сабактын тарбиялоочулук жана өнүктүрүүчүлүк милдеттерин ишке ашыруу үчүн мугалим (окутуучу) кандай аракеттерди жасагандыгына, ал үчүн сабакта кандай кырдаалдар түзүлгөндүгүнө, канчалык деңгээлде ал ийгиликтүү болгондугуна көңүл буруу зарыл.

Сабакты талдоо илимий изилдөө максатында да, башкача айтканда методикалык жаңылыктардын максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун практикада текшерүү үчүн да колдонулат.

Сабакты талдоодо атайын схеманы пайдалануу максатка ылайык. Андай схемалар көп түрдүү болушу мүмкүн. Мугалим, окутуучу үчүн өзүнүн сабагын өзү талдап туруусу зарыл жана пайдалуу. Мында мугалим, биринчиден, өзүнүн күчтүү жана чабал жактарын аныктайт, экинчиден, жетишкендиктерин бекемдөө жана кемчиликтерин жоюу боюнча иш-аракеттеринин багыттарын белгилейт, үчүнчүдөн, өздүк тажрыйбасын жалпылоого керектүү материалдар топтоло берет.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,