Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович
Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович
| ||||
Төрөлгөндөгү ысымы |
Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович | |||
---|---|---|---|---|
Туулган датасы | ||||
Туулган жери |
Кум-Арык (азыркы Жайыл району | |||
Өлгөн датасы |
15 -апрель 1968 (54 жаш) | |||
Өлгөн жери | ||||
Жарандыгы | ||||
Жанры |
Жаратылыш | |||
Сыйлыктары |
| |||
Чини |
|
Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович (15.3.1914, Калинин району, Кум-Арык кыштагы-15.4.1968, Фрунзе)-кыргыз совет сүрөтчүсү.Кыргыз ССР инин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1958). 1961-жыл КПСС тин мүчөсү.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адегенде С.А. Чуйковдон жана В.В Образцовдон кийин белгилүү орус совет художниктери Н.П. Крылов менен болгон жана П.И. Петровичтен таалим алган.
Кызматы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Педогогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932-1934), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1956-1961), жана директор (1961-1965), болуп иштеген.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алгачкы пейзаждык чыгармасы- “Колхоздун короо кою” (1939) деген картинасында Акылбеков сүрөтчүлүккө жөндөмдүүлүгүн даана көрсөтө алган. 1932-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлат.Акылбеков кыргыз сүрөт өнөрүнө чебер пейзажист жана портретист катары кирген.Буга анын “Чүй өрөөнүндө”, “Алыскы жайлоодо”, “Колхоз корукчусу”, “С. Момунованын портрети”деген сүрөттөрү күбө.
“Кыргызстан талааларында” (1954) деген сүрөтү Акылбековдун этаптык чыгармасы болуп калды.Бул чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгеги техника менен алмашканын чебер көрсөткөн.
Кошкон салымы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1952-жылы кыргыз сүрөтчүлөрү менен бирге Кыргызстан мамлекетинин Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрын коздоого катышат.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960-жылдары Акылбековдун чыгармачылыгы кемелине жетип, ал “97-чакырымда” (1960), “ Кыргызстандын түштүгүндө”(1964) “Шаардын бир бурчу” (1964), “Туулган жерде” (1965) жана башка белгилүү пейзаждык чыгармаларын жаратты. Омүрүнүн акыркы жылдарында Акылбеков республикалардын дүркүрөп өскөн индустриясын чагылдырган “Завод” (1965) “Заводдук трасса” (1966) аттуу картиналарын тартты.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акылбеков Эмгек Кызыл Туу жана “Ардак Белгиси” ордендери, медаль менен сыйланган.
Пайдаланылган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы* 1-том Ф.,1973