Сабырбек Жумабеков

Википедия дан

Жумабеков Сабырбек Артисбекович - (11. 8. 1964-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району Сатыкей айылы) медицина илимдеринин доктору (1995), профессор (1997). КРдин УИАнын корреспондент мүчөсү (2006), академик (2010). КМИИни (1987), Симферополь шаарындагы Крым мединститунун аспирантурасын жана докторантурасын бүткөн (198795). 1996-2002-жылдары Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИде директордун орун басары, 1997-жылдан КММАнын травматология, ортопедия жана эксперименттик хирургия кафедрасынын башчысы. Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо департаментинин жана милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун директору (2002-04). 2004-жылдан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору. Анын жетекчилиги астындагы кашка жиликтин алкак бөлүгүнүн сыныктарын, остеомиелитти хирургиялык жол менен дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле көкүрөк-бел бөлүгүнүн эски сынып-чыгып кетүүсүнүн кесепетин, жиликтердин өнөкөт остеомиелитин, күң жиликтин моюнчасынын жана согончок сөөктүн сыныгын дарылоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Ал 1996-99-жылы Борбордук Азияда биринчилерден болуп муун ооруларын микрохирургиялык жол менен дарылоо жана дүйнөлүк стандарттагы протездер менен чоң жиликтин башын алмаштыруу методдорун киргизген. 1990-жылдан Бүткүл дүйнөлүк травмотолог-ортопеддер коомунун мүчөсү. Омуртканын микрохирургиясы жана кол, бутту узартуу боюнча адис. Дүйнөдө биринчи болуп тескери бүгүлгөн тизе муунуна уникалдуу операция жасаган (2006). Эл аралык «Руханият» сыйлаган жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (Женева) алтын медалынын ээси. 125тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинен 2 монография, 6 ойлоп табуусу бар. Эмгектери: Способ удлинение бедра. Изобретение А. С. Патент РФ № 93053452, 1993.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]