Савкина Наталья Васильевна
Көрүнүш
Савкина Наталья Васильевна (1916-жылы туулган, Россия, азыркы Москва облусу, Рязань району - ө. жана башкалар) - жумушчу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1932-жылы Фрунзедеги эт комбинатынын мал союу цехинде баштаган. Өндүрүштүк тапшырмаларды 110-120% ке аткарып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен, сырьё менен материалды үнөмдөгөн. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9