Сагайлар

Википедия дан

Сагайлархакастардын курамындагы сөөк Хакас аалымы Н. Ф. Катанов элдик оозеки маалыматтарга таянып, сагай уруусу «кара кыргыз» деген түрк элинин бир бөлүгү деп жазат. Бул уруу жазма булактарда «Кыргыз өлкөсүндө» 13-кылымдан эскерилет. Сгайлардын курамындагы «чити пүүр» (жети бөрү), сарыгкар, ичегилер байыркы кыргыз уруулары болуп саналышат. Ичеги уруусу дүйнөлүк топон суу мезгилинен бери жашап келет деген байыркы библиялык уламыш сагайларда сакталып калган. Бул кыргыздарда дүйнөлүк топон суу жөнүндөгү уламыш исламга чейинки мезгилде эле белгилүү болгондугун тастыктайт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.