Сагымбаев Аманкул

Википедия дан

Сагымбаев Аманкул - атактуу манасчы Орозбак уулу Сагымбайдын баласы Сагымбаев Аманкул 1922-жылы Кочкор районундагы “Электро” колхозунда туулган. Жаш кезинен эле “Манас” айтууга дилгир болуп, атасынын өнөрүн өздөштүрүүгө багыт алат. Мектепте окуп жүргөндө “Чоң казаттан” 10 миң сап айтууну өздөштүргөн. Элдин айтымында ал атасындай өз алдынча “Манас” айткан тубаса талант болгон. 1939-жылы Москвада өткөн I декадага катышып, манасчылар Мусулманкулов Молдобасан, Каралаев Саякбай, Тоголок Молдолор менен бирге “Манас” айтып өнөрүн көрсөтүп, алтын саат менен сыйланган. Кийин Ата Мекендик согушка катышып жүргөндө душмандарга бет алганда “Манас” айтып чыгуучу деген кеп бар. Согуштан кайтпай калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.