Сагымбаев Марат Акимович

Википедия дан

Сагымбаев Марат Акимович (16. 5. 1962- жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Жалпакташ айылы) - медицина илимдеринин доктору (2004), профессор (2005). КР УИАнын корр. мүчөсү (2010), КРдин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (2011). КММИни бүткөн (1986). Ош облусу эмгек сиңирген врачы (2006), ооруканасында врач-травматолог-ортопед болуп иштеген (1986-90). КММАда клиникалык ординатор, ассистент болгон (1990-2004). 2004-жылы Бишкек мериясынын алдындагы Травматология жана ортопедия илимий-из. борборунун директорунун орун басары. 2005-жылдан КРдин Президентинин иш башкармалыгынын алдындагы Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин директору, башкы врачы. Анын илимий иштери сөөк дарылоодо Илизаров аппаратынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө арналган. 80ден ашык илимий эмгектери анын ичинде 6 монографиясы, 30 авторлук күбөлүгү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]