Сагынаалы Субаналиев

Википедия дан

Субаналиев Сагынаалы (1948-ж.т., Жаңы-Жол району, Афлатун айылы) - музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты (1983),проф.

1966-70-ж. Фрунзедеги музыкалык-педагогика окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуган.

Бир эле мезгилде Кыргыз ССР мамлекеттик телерадиокомитетинде эмгектенген.

1977-ж. Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясына аспирантурага өтөт.

1983-ж. кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жактаган.

1985-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.

1987-жылдан баштап Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз филармониясында, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда иштеген.

«Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары» аттуу монографиясы кыргыз жана орус тилинде, анын кеңейтилген «Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы жана аспаптары» деген окуу куралы, «Чоорлор» методикалык куралы ж. б. китептери жарык көргөн.

Субаналиев дүйнөлүк, эл аралык, бүткүл союздук, республикалык семинарлар, конференцияларга катышып, кыргыздын музыкалык фольклорунун орчундуу маселелерин коомчулуктун талкуусуна коёт. Кыргыздын элдик жана профессионал музыкасынын тарыхына, актуалдуу проблемаларына байланышкан ондогон макалаларды газета-журналдарга жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.