Мазмунга өтүү

Сагынбек Бирназаров

Википедия дан

Бирназаров Сагынбек - Ат жабдыктарынын чебери.

1919-ж. Талас районундагы Саз-Булак айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Агартуу майданында, башкаруу кызматында эмгектенген. Улуттук оюндардын жумуруяттык категориясындагы судья, элдик талант. Ал ат жабдыктарын өрүп (жети кашка өрүм), кайып кармайт. Анын шөкөттөрүн - тогоону, солондорду, купаны, сүзмөнү, чагармакты, ооздукту көбүнчө өгөөлөп, өзүнчө кайышка кынапталып тургандай көркөмдүккө келтире узанат. Чебер кол кайыш жасоонун ички сырларын мыкты туя билет. Аны кайыкка беттей кайып алат. Жүгөндүк, көмөлдүрүктүк, басмайылдык, куюшкандык кайыкка булгаарынын энин анча жазы албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0