Садизм

Википедия дан

Садизм – мыкаачылык тарткылыгы, башка бирөөнүн кыйналуусунан ыракат алуу. Француз жазуучусу маркиз де Саддын (1740–1814-жж.) атынан аталып калган. С. өз өнөгүнө ыпылас жыныстык катнаш аркылуу кыйнап-кыстоо көрсөтүүдөн улам канагаттануу алуунун кеңири таркаган көрүнүшү болуп саналат. Анын карама-каршысы – мазохизм; кээде С-дин аралаш таризинде кезигет. С. жоопкерчиликти оордотуу жагдайындагы кылмыш жасоо (өзгөчө мыкаачылык, келекелөө менен катар) ыкмасы катары жиктелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]