Садыков Ташполот

Википедия дан

Садыков Ташполот (31. 10. 1949-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Эркин тоо айылы) - филология илимдеринин доктору, профессор. Башталгыч мектепти 1958-жылы туулуп өскөн Эркин-Тоо айылынан, орто мектепти 1966-жылы Чаткал районундагы Шакафтар жатак мектебинен бүтүрөт. Бир жыл Бишкектеги Ленин заводунда жумушчу болуп иштейт. 1967-жылы КМУУнун физика факультетине өтөт.

1972-жылы университетти бүткөндө Кыргыз ССР Илимдер академиясы Тил жана адабият институтунда жаңы ачылган эксперименталдык тил илими лабораториясына инженерлик кызматка жолдомо берилет.

1976-жылы СССР Илимдер академиясынын Ленинграддагы бөлүмүнө компьютердик жана инженердик лингвистика багыты боюнча эки жылдык такшалууга жиберилет. А.Н.Кононов, А.М.Щербак, С.Д.Кацнельсон, В.С.Храковский, Г.П.Мельников, С.Н.Иванов сыяктуу дүйнөгө таанымал окумуштуулардан дарс алып, инженердик жана компьютердик лингвистика адистиги боюнча Ленинград университетинде окулган Р.Г.Пиотровский, С.Я.Фитиалов, Ф.Папп, А.С.Герд, В.В.Богданов, В.А.Звягинцев, Л.Р.Зиндер, Л.В.Бондарко, А.М.Маслов, В.Д.Бутуров өңдүү чыгаан илимпоздордун сабактарына катышып, таалим алып, сынактардан чыңалат. Илимий такшалуудан ийгиликтүү өтүп, окуусун улантыш үчүн Ленинград университетине аспирантурага жолдомо алат.

1978-82-жылдары Ленинград университетинде дүйнөдөгү инженердик лингвистика илиминин негиздөөчүсү, атактуу окумуштуу акад. Р.Г.Пиотровскийдин жетекчилиги менен аспирантурада окуйт.

1982-жылы Ленинград мамлекеттик университетинде 10.02.19 - Структуралык, колдонмо жана математикалык лингвистика адистиги боюнча «Кыргыз тилиндеги атооч сөздөрдүн морфологиясын ЭЭМде моделдөө» деген темада аткарылган кандидаттык диссертациясын коргойт. Бул эмгектер сөз маанисинен сөздүн өзүн компьютер аркылуу синтездөө маселесин ишке ашырган жана ал эмгеги, андагы илимий табылга-натыйжалары жана иштеп чыккан озук технологиялары менен Т.Садыков түркологияда алгач ирет компьютердик лингвистика багытынын пайдубалын түптөйт.

1982-90-жылдары Кыргыз Республикасынын УИАсынын Тил жана адабият институтунда кенже, ага, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштейт да, Илимдер академиясында ачылган алгачкы доктурантурага кабыл алынат.

1991-97-жылдары аталган илим чордонундагы Түркология жана грамматика бөлүмдөрүнүн башчысы, докторлук диссертация коргоо боюнча адистештирилген кеңештин окумуштуу катчысы.

1997-2000-жылдары Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин биринчи проректору, 2000-01-жылдары Кыргыз-түрк Манас университетинин профессору, 2005-07-жылдары Э.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, 2002-жылдан бери Бишкек гуманитардык университетинин профессору кызматында иштейт, Эл аралык Ататүрк- Алатоо университетинде Гуманитардык жана так билимдер факультетинин деканы катары эмгек жолун улантууда.

1995-жылы Казак Улуттук Илим академиясы-нын Ахмет Байтурсун уулу атындагы Тил тааным институтунда 10.02.06 - Түрк тилдери адистиги боюнча «Кыргыз фонологиясы менен морфонологиясынын теориялык негиздери» аттуу темада аткарылган докторлук диссертациясын коргойт. Окумуштуунун бул эмгеги капсалыңдуу жылдардын жазыксыз курманы болгон Ишеналы Арабай уулу, Ахмет Байтурсун уулу, Касым Тыныстан уулу сыяктуу кыргыз-казак залкарларынын илимий мурастарын дүйнөлүк деңгээлден кароого, көз жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт.

Проф. Т.Садыков учурда «Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы», «Азыркы кыргыз тилинин морфологиясы», «Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы», «Сөз жасоо», «Кыргыз фонологиясы менен морфонологиясынын теориялык негиздери», «Түркчө-кыргызча котормо теориясы жана практикасы», «Түрк тилдеринин тарыхы», «Чагатай тили», «Казак тили», «Түркмөн тили», «Татар-башкыр тилдери», «Маданий аралык коммуникация», «Лингвистикалык типология жана ареалдык илик», «Адабий тилдин нормасы», «Компьютердик лингвистика», «Колдонмо лингвистиканын негиздери», «Семиотика» сыяктуу негизги курстардан дарс окуйт.

Кыргыз тилинин фонологиясы, морфонологиясы, морфологиясы, орфографиясы, түрк тилдеринин машина фонду, «Манас» эпосунун ар кандай версиядагы сөздүктөрү, маалыматтар базасы, тектеш жана тектеш эмес тилдердин типологиясы багыттары боюнча 180ге жакын оригиналдуу илимий эмгектери басылып чыккан, анын ичинде фундаменталдуу 3 илимий монографиясы, бири «Сорос-Кыргызстан» фондусунун баш байгесин жеңип алган 4 окуу китеби жарык көрөт.

1992-жылы ноябрь айында азыркы түрк тилдеринин алфавити боюнча Стамбул шаарында Мармара университетинде өткөрүлгөн эл аралык симпозиумга, 1994-жылы март айында Берлин шаарында Азат университетинде өткөрүлгөн «Борбордук Азия элдеринин менталитети» аттуу эл аралык конгресске, 2005-жылы май айында Крымда уюшулган 1-түркологиялык симпозиумга жана да Минск, Петербург, Москва, Таллин, Кишенев, Махачкала, Симферополь, Алматы, Новосибирск, Баку, Түркстан, Астана калааларында өткөрүлгөн эл аралык илимий форумдарга катышып, баяндама жасайт.

Проф. Т.Садыков илимдин төрт кандидаты менен жыйырмадан ашуун магистрантынын устаты. Бир катар докторлук жана кандидаттык диссертацияга расмий оппонент болгон. Анын шакирттери докторлук, кандидаттык, магистрлик диссертацияларын улантууда.

Азыркы учурда проф. Т.Садыковдун жетекчилиги жана тикелей өзүнүн катышуусу менен улуу манасчыларыбыз Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, залкар жана кытайлык жазма манасчыбыз Жүсүп Мамай нускаларынын негизинде «Манас» эпосунун чоң көрсөткүч сөздүгүнүн кыргызча-түркчө, кыргызча-англисче, кыргызча-орусча, кыргызча-арапча, кыргызча-кытайча, кыргызча-немисче, кыргызча-фарсыча версиялары», «Манас» эпосунун маалыматтар базасы» аттуу долбоорлор ишке ашырылууда.

Т.Садыков 1982-жылы филология илимдеринин кандидаты, 1995–жылы филология илимдеринин доктору, 2007-жылы тил тааным профессору наамына татыктуу болот. Бул фактылар анын чыгаан филолог-түрколог, устат-педагог болушун шарттайт.

Жыйынтыгында, Ташполот Садыков түркология, морфонология, фонология, грамматика, компьютердик лингвистика, компьютердик лексикография, тил теориясы жана салыштырма типология багытындагы адис, эл аралык Ататүрк-Алатоо, Бишкек гуманитардык университеттеринин профессору, академик Р.Г.Пиотровскийдин шакирти, Эл аралык компьютердик лингвистика ассоциясынын мүчөсү, 1994-жылы академик Б.М.Юнусалиев жана 1997-жылы агартуучу Э.Арабаев атындагы сыйлыктардын ээси болот жана 2006-жылы эл агартуунун отличнигине наамына арзыйт.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Основы кыргызской фонологии и морфологии. Б., 1992;
  • Азыркы кыргыз тили: морфология. Б., 1997.
  • Манас: кыргызча-түркчө чоң көрсөткүч сөздүк. Туркия, 2014
  • Компьютердик лингвистика . Б., 2014

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]