Садыков Туратбай

Википедия дан

Садыков Туратбай - жазуучу Туратбай Садыков Майлы-Суу шаарында 1950-жылы 4-июлда туулган. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган. Кийин физика мугалими, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Физика жана математика институтунда инженер, Фрунзе шаарындагы №59 орто мектебинде мугалим болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун биринчи катчысынын жардамчысы, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылып келет.

1993–1999-жж. ырлары жана кыскача макалалары «Бетме бет», «Комсомолец Киргизии», «Вечерний Бишкек», «Слово Кыргызстана», «Литературный Кыргызстан», «Молодая поэзия Кыргызстана» гезит-журналдарында, жомоктору «Кыргызстан пионери» гезитине, «Байчечекей» балдар журналында жарык көргөн.

«Күнөстүү жаан», «Манас» деген китептери Индияда англис тилинде жарык көргөн.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күнөстүү жаан: Жомоктор жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1986. – 45 б.

Манастын 1000 эрдиги: 1-3-баяндары. – Алматы: Бакай, 1995. –35 б.

Манастын 1000 эрдиги: 9-баян. – Б.: Мурас, 1997. –14 б.


Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мanas:. – Childrens Book Trust, New Delhi, 1996. – анг.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]