Садык Турал

Википедия дан

Садык Турал (7. 7. 1946-жылы туулган, Түркия, Кырыккале шаары) - адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1978), доцент (1983), профессор (1988), КР УИАнын ардактуу академиги (1995). 1964-ж. Түркиянын Ататүрк университетин бүтүргөн. 1968-71-жылдары Билим берүү министрлигинде, 1972- 78-жылы Хажетепе университетинде окутуучу-ассисент, 1979- 84-жылы Хажетепе, Гази, Селжук, Абан Иззат Байсал университеттеринде окутуучу, 1993- 96-жылы Ататүрк жогорку коомундагы Мадабият борборунун башчысы, 1996-2000-жылдары ЮНЕСКОнун улуттук комиссиясынын мүчөсү, 2000-09-жылдары Ататүрк Мадабият, тил жана тарых коомун жетектеген. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата Кыргызстанда жана Түркияда өткөн илимий конф-яда түрк делегациясын жетектеп, түрк дүйнөсүндөгү орток адабият долбоорун уюштурган. Бул долбоор боюнча 30 томдук эмгек жарык көргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Turk dunyasi Edebiyat Tarihi. Анкара, 1996;
  • Dastanga Akkan Sezimtaldik. Анкара, 1999;
  • Bilgelerin Yolunda. Анкара, 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]