Садырбаева Гуласал

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садырбаева Гуласал Кыргыз Республикасынын депутатты.
«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү.
Садырбаева Гуласал 1952-жылдын 4-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында туулган.
Улуту кыргыз.
Жогорку билимдүү.
1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык училищаны бүтүргөн.
1980-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1971-жылы №4 “Жаңы турмуш” орто мектебинде мугалимдиктен баштаган.
1978-жылдан тартып аталган мектептин баштапкы класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1980-жылдан 1992-жылга чеийнки аралыкта Ж.Ниязов атындагы облустук мектеп-интернаттын окуу бөлүмүнүн башчылык кызматын аркалаган.
1992-жылдан 2010-жылга чейин бул мектеп-интернаттын биология мугалими болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Ата Мекен» саясый партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/496-SADYRBAEVA_Gulasal__Ata_Meken_frakciyasy.aspx Archived 2011-08-11 at the Wayback Machine Cotegory: Персоналия