Сайф Ад-Дин Аксыкенти

Википедия дан

Сайф Ад-Дин Аксыкенти, Сайпидин Молдо Аксыкенди, Сайфаддин ибн дамулло Шах Аббас Акеыьсенти [15-к., Аксыкент (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы аймагы) — ө. жана башкалар] — кыргыз ойчулу, эң алгачкы тарыхчысы. «Мажму ат-таварих» («Тарыхтардын жыйнагы») кол жазмасынын автору. С. а.-д. А. жөнүндө так маалыматтар жокко эсе. Анын кат тааныган молдо болгону жана кол жазмасын бүтө электе дүйнөдөн өтүп, аны уулу Нур-Мухаммед бүтүргөнү (1494-95) белгилүү. Ал эмгек 1996-жылы «Тарыхтардын жыйнагы» («Мажму-ат-таварих») деген ат менен өзүнчө китеп болуп чыккан (фарсы тилинен которгондор: М. Досболов менен О. Сооронов). Кол жазмада Орто Азиядагы түрк жана ага тектеш уруулар жөнүндө тарыхый этногр., топонимикалык, фольклордук материалдар камтылган. С. ад-д. А-нин кол жазмасы соңку мезгилдерде топтолгон кыргыз урууларынын келип чыгышы тууралуу айрым маалыматтарды тактоодо маанилүү орунда турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]