Сай сагызган

Википедия дан

Сай сагызган (Garrulus glandarius) - каргалар тукумундагы кушаары Дене узундугу 35 см жүнү калың, көпшөк, канаты карала, бүктөөсү көгүш, куйругу кара, жон жагы боз, боору кызгылт, башында жазы үрпөгү бар. Евразияда, Түн.-Бат. Африкада, КМШ өлкөлөрүндө Крым жана Кавказ токойлорунда жашайт. Кышында жана күзүндө оошуп жүрөт. Уясын дарактарга салат, кышка азыгын камдайт. Айрым учурда майда канаттуулардын уясын бузат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]