Сактоо келишими

Википедия дан

Сактоо келишими – бир тарап (сактоочу) өзүнө экинчи тарап (буюм тапшыруучу) берген буюмдарды сактоого жана толугу менен кайтарууга милдеттенген келишим. Сактоо келишими буюм сактоого өткөрүлүп берилген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. КР жарандык мыйзамдарына ылайык сактоочу коммерциялык уюм же болбосо сактоону өзүнүн кесиптик ишинин бир максаты катары ишке ашырып жаткан коммерциялык эмес уюм болуп саналган С. к. боюнча буюмду келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө алуу милдети каралышы мүмкүн. Сактоочу буюмду С. к. аныкталган мөөнөттөн мурда кайтарууга акысы жок. Эгер келишимдин шарттарынан улам сактоо мөөнөтү аныкталбаса жана аныкталышы мүмкүн болбосо, ал буюмду берүүчү талап кылганча сактоого милдеттүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]