Сакура Харуно

Википедия дан

Сакура Харуно (жап. 春 野 サ ク ラ) - Масаси Кисимото ойлоп чыгарган "Наруто" (англ. Naruto) аниме жана манга франшизасынын каарманы. Сакура аниме жана мангада Жашырын жалбырак кыштагынан (Коногагакуре) чыккан куноичиси жана Наруто Узумаки, Саске Учихи жана алардын устаты Какаши Хатакеден турган 7-тобунун мүчөсү. Эң башында Саскени жактырган жана аны ар бир этапта мактап жүргөн Сакура, Саскеге салыштырмалуу тажрыйбасы аз болгон Нарутону жек көргөн. Сериялар сайын, Сакура токтоо бир каарманга айланып Нарутону болгону менен кабыл алып ага ыраазы болот. Сакура каарманы "Наруто" мангасына байланыштуу бир канча медиаларда пайда болгон, алрдын ичине тогуз анимацияланган тасма, баардык оригиналдуу видео анимациялары жана бир канча аидео оюндары кирет.

Бир канча аниме жана манга бамалары Сакура каарманын жогору баалашкан. Эң башында Сакура башкы каарманга сезимдери боло турган жана серияларда аз учураган кадимки манга каарманы болгон. Сериялар илгери кеткен сайын, Сакура каарманынын бул стереотипке дал келүүсү көптөгөн рецензенттер тарабынан белгиленген. "Наруто" манганын окурмандар базасы боюнча Сакура каарманы популярдуу табылып, сурамжылоолордун эң жогорку орундарын ээлеген. "Наруто" манганын товарлары арасында Сакура каарманы сымал тукаба куурчактар жана ачкыч брелоктор пайда болгон.

Түшүндүрмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сюжетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]