Сакчы (оюн)

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Сакчы» жана «саткынчы» шайлангандан кийин дубалдын же коргондун алдына жарым тегерек сызылат. Дубалдын астындагы сызыктын ортосуна «саткынчы» ордунан кыймылдабай турат, жарым тегеректин ичинде «сакчы» басып жүрөт, калгандары сызыктын сыртында турушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Сакчыга» өздөрүн карматышпай, «саткынчыны» кийимдеринин же денесинин бир жеринен кармашып, сызыктын сыртына алып чыгууга аракеттенишет. Эгерде оюнчулар «саткынчыны» «сакчыдан» куткарышып алышса «сакчы», «саткынчы» менен орун алмашышып оюнду улантышышат. Эгерде «сакчы», «саткынчы» сызыктын ичинде кармап алса, оюнчулар өз ордуларында калышын оюнду улантышышат. Эгерде «сакчы» оюнчулардын бирөөсүн кармап алса, кармалган оюнчу «саткынчынын» ордуна барат. «Саткынчы» — «сакчынын» ордуна барат, «сакчын калган оюнчуларга кошулат. «Сакчы» сызыктын ичинде эки оюнчуну кармап алса алардын бирөөсү «саткынчынын» экинчиси «сакчынын» ордуна барышкандан кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. Жакшы «сакчылык» кылган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. «Саткынчыга» себепсиз ордунан жылууга, кыймылдоого, «сакчыга» «саткынчынын» жанында турууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, максатка жетүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]