Салават Юлаев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Салават Юлаев (5 (16). 6.1752, Текеево кыш., азыркы Башкыртстан, Салават району -26. 9(8. 10). 1800, Балтикадагы Рогервик порту, азыркы Эстон ССРи, Палдиски ш.) - башкырт элинин улуттук баатыры, Пугачёв башында турган дыйкандар согушунда (1773-75) башкырт отрядынын жетекчиси, төкмө акын.

1773-ж. октябрда башкырт отрядын (2 мин адам) баштан, Пугачёв таранга өткөн. 1774-ж. 24-ноябрда колго түшүп, Рогервик чебине (Эстон ССРи) өмүр бою абакка салынган. Анын ырлары эл оозунда сакталган. Салават Юлаевдин ысмында Салават ш. аталган, адабият жана искусство жаатындагы эң жакшы чыгармалар үчүн Башкырт АССР мамлекеттик сыйлыгы белгиленген

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.