Салайыр токол тоосу

Википедия дан

Салайыр токол тоосу — РФтин Кемеров обл-нда. Түштүк Сибирь тоолорундагы плато сымал дөнсөө. Узундугу 300 кмге жакын. Бийикт. 621 м (Кивда чокусу). Полиметалл кендери бар. Жантайыңкы түштүк-батыш капталдарын бай тереккөк карагайлуу жана кайың-бай теректүү токой ээлейт. Түн.-чыгыш беттеринде кайын-бай теректүү, кызыл жана мырза карагайлуу токой өсөт; талаа ландшафты да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]