Саламандралар

Википедия дан
Notophthalmus viridescens.

Саламандралар (Salamandridae) - куйруктуу жерде-сууда жашоочулар тукуму. Денесинин узундугу 10-28 см, куйругу кыска, буттары күчтүү, алдынкы кыска буттары 4, арткысы 5 манжалуу, сүзгүч жаргаксыз. Көз жапкылары жакшы өөрчүгөн. Чоңдору өпкөсү менен дем алат, бакалоору жок. Түсү жалтырак кара, ачык сары темгилдүү. 15тей уруусу, 45 түрү Евразия, Түн Америка ж-аТүн. Африкада таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусу, 7 түрү кезигет. Алардын ичинен накта С., тритондор жана узун куйрук С. белгилүү. Узун куйрук С. уруусунун өкүлү кавказ саламандрасы - Батыш Кавказ эндемиги. С-дын кургакта жана сууда жашоочу түрлөрү бар. Нымдуу, көлөкөлүү токойдо, суу жээктеринде жашап, майда омурткасыздар менен азыктанат. Личинкалары сууда өөрчүйт. Көпчүлүгү жумуртка-тирүү жана тирүү тууйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]