Салмоор

Википедия дан

Салмоор - күүлөнтүп туруп нерсени (көбүнчө ташты) алыска ыргытууга ылайыкталган эң байыркы жөнөкөй курал. Анын булгаары же кайыш алаканы, эки учуна бекитилген эки бөлөк жип же кайыш боосунун биринин учу сөөмөйгө же ортонго илгендей туюк илмек түрүндө жасалган. С-дун алаканына таш салып, эки боосун тең кармап, төбөдөн жогору айландырып туруп, илмек боосу коё берилип, мээлеген жерди көздөй ыргытылат. Бул куралды байыркы Чыгыштын, байыркы гректер менен римдиктердин жоокерлери (азыркы элдерден полинезиялыктар) колдонушкан. Бул жөнөкөй курал кийин балдар оюнчугуна айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]