Мазмунга өтүү

Салт

Википедия дан

Салт — укумдан тукумга өтүп, кандайдыр бир социалдык топто узак убакыт сакталуучу коомдук жана маданий мурас элементтери; белгилүү бир коомдук тартип, жүрүм-турум эрежелери, дөөлөттөр, идеялар, каадалар, адаттар. Айрым салттар бүткүл коомдук тутумга тарап, анын жашашынын зарыл шартына айланса, айрымдары коом турмушунун тигил же бул тармагында (экономикада, саясатта, илимде, искусстводо ж.б.) гана жашайт. Ар бир муун өз мезгилиндеги тарыхый шартка жараша тигил же бул салтты жерийт же улантат.