Салтанат Саматова

Википедия дан

Балачагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси математиктер (атасы – Орозобек Түгөлбаев, апасы – Жумабүбү Акматбекова).

Салтанат үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон, анын 4 бир тууганы бар: Акыл, Рахатбек, Давлет жана Талант Түгөлбаевдер. Салтанат мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай иш-чараларга жигердүү катышып, алып баруучу болгон. Бала кезинде мультфильмдердин бардык ырларын жатка билгенин өзү айтып калчу. Салтанат 4 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келишкен. Салтанат Шубин атындагы музыкалык мектепте окуган. 1990-жылы Абдраев атындагы мектептин фортепиано классын бүтүргөн.

1995-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктаган. Үй-бүлө борборго жаңы көчүп келгенде Салтанат орус тилин билчү эмес, ошондо аны бала бакчага беришкен. Эки айдын ичинде кыз тилди мыкты үйрөнүп кеткен. Салтанат скрипкада жана пианинодо ойночу.

Жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салтанат алып баруучу болгонго чейин Медициналык институттун морфологиялык корпусунда лаборант болуп иштеген. Салтанат Саматова рак илдетине чалдыккан балдарга жардам берүүнү максат кылган “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Институтту аяктагандан кийин бир жыл (1995-1996-жылдары) Ишенаалы Арабаев атындагы КМУда мугалим болуп иштеген. 1996-жылы “Европа плюс” радиосуна иштегени келген. Буга чейин “Кыргыз радиосунда” редактор болчу.

Салтанат Саматова – музыкалык радиостанцияларда алгачкы кыргыз тилдүү ди-джей.

2012-2018-жылдары КТРКда “Акыл Ордо” интеллектуалдык программасынын алып баруучусу болгон. Мындан тышкары, ал “Алып баруучулардын гильдиясы” долбоорунда жалгыз аял болгон. Ал 27 жашында Нурбек Исаевге турмушка чыгып, Бакыт жана Ширин аттуу уул-кыздуу болушкан. Алып баруучу маектеринин биринде болочок жубайы менен мамиле курууга биринчи кадамды өзү жасаганын айткан жайы бар. Салтанат анын телефон номурун алып, аны биринчи жолугушууга чакырган.

2011-жылы Салтанат Саматова мээсинде шишик бар экенин билген.

Оору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

46 жаштагы Салтанат Саматова жети жыл бою рак оорусу менен күрөшкөн. Эч нерсеге карабастан, ал ооруга моюн сунган да эмес, ошол эле маалда тагдырына нааразы да болгон эмес.

Жакындарынын айтымында, Салтанат Саматова айыккыс дартка чалдыкканын кеч билип калган.

Ооруп жүргөнүнө карабастан Саматова “Жардам берүү оңой”, “Эргене” фонддору менен жигердүү кызматташкан. Онкологиялык оорулууларга моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам берип келген. Ошондой эле Салтанат Саматова оорулуу балдарды колдоо максатында концерттерди өткөрүү демилгесин да көтөрүп жүрчү[1].

Салтанат Саматова рак оорусуна чалдыкканын жашырчу эмес. Тескерисинче, бул оору менен күрөшүүгө үндөгөн роликтерге жигердүү тартылып келчү.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салтанат Саматова 2016-жылдын 1-декабрында “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган. 2021-жылдын февраль айында “Жардам берүү оңой” коомдук фонду Салтанат Саматова атындагы сыйлыкты негиздегенин жарыялаган. Сыйлык онкологиялык оорулуулардын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн арттырган жана учурда дарыланып жаткандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган мыкты долбоорлорго жана демилгелерге ыйгарылат. Биринчи сыйлык ушул жылдын апрель айында тапшырылат.[2]

ӨЛҮМҮ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телерадио алып баруучусу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

Бул суук кабарды кыргызстандыктар 2018-жылдын 15-августунда эртең менен угушкан. Дээрлик бардык маалымат сайттары Кыргызстандын маданияты оор жоготууга учураганын жазып чыгышкан. Салтанат Саматова менен коштошуу зыйнаты 16-августта Бишкекте өтүп, анын сөөгү борборго жакын жайгашкан Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган[3].

Кесипкөй адис катары Салтанат Саматова кыргыз жана орус тилдерин мыкты билчү. Ошондой эле Саматова элдин эсинде жигердүү жарандык позициясы менен калган, ал  жаштарды чечкиндүү болууга үндөп, өзү да кыздарга жана балдарга үлгү болгон. Саматова аялдар өз укуктарын коргой билиши керектигин көп айтчу.

2022-жылдын 1-мартында теле жана радио алып баруучу Салтанат Саматова 50 жашка чыкмак [4].

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.      Sputnik ..https://ru.sputnik.kg › Новости

2.      https://who.ca-news.org › people:24735

3.      https://rus.azattyk.org › kyrgyzstan_saltana_samatova_rip

4.      https://24.kg › 93503_skonchalas_saltanat_samatova


[1] https://24.kg › 93503_skonchalas_saltanat_samatova

[2] https://rus.azattyk.org › kyrgyzstan_saltana_samatova_rip

https://kaktus.media › doc › 378492_ymerla_izvestnaia..

 https://rus.azattyk.org › kyrgyzstan_saltana_samatova_rip