Салыштырмалуу бийиктик
Көрүнүш
Салыштырмалуу бийиктик - жер бетинин кандайдыр бир чекитинин жердин экинчи бир денгээлине салыштырмалуу бийиктиги. Мисалы, тоонун салыштырмалуу бийиктиги - аны чектеп жаткан өрөөндүн денгээлинен же тоонун түбүнөн чокусуна чейинки бийиктиги. Эгерде тоонун бийиктиги деңиз деңгээли баштап эсептелинсе анда абсолюттук бийиктик деп аталат. Мисалы, Кыргыз Ала-Тоосунун салыштырмалуу бийикт. 3495 м болсо, ал эми абс. бийикт. 4895 м (Аламудун чокусу).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9