Салыштырма-тарыхый метод

Википедия дан

Салыштырма-тарыхый метод т и л илиминде - 1) тилдердин тектештигин аныктоо жана тектеш тилдердин диахрониялык өнүгүшүн изилдөө максатында колдонулуучу илимий-из. методдордун системасы, к. Салыштыр ма-тарыхый тил илими; 2)адабият таан у у д a — адабият таануунун адабиятты башка бир элдин, өлкөнүн адабияты менен, ошолордун сөз өнөрүнүн тарыхы, учурдагы процесси менен типол. байланышта изилдеген бөлүгү, ошондой эле изилдөө методу. Бул же тигил элдин маданий өнүгүшүнүн окшоштугу, коомдук саясий турмушунун жакындыгы, көз караштарынын, жалпы өнүгүү баскычтарынын бирдейлиги адабий көрүнүштөрдү салыштырма-тарыхый аспектиден кароого мүмкүндүк берет. М. Борбугулов «Манас» эпосу менен инди эпосторунун ортосундагы байланышты, Т. Абдракунов «Ак Мактым» дастаны менен алтай, бурят элдик поэмаларынын арасындагы тематикалык, образдык, көркөмдүк параллелдерди, X. Бапаев казак-кыргыз, өзбек-кыргыз адабияттарынын карым-катышын, Б. Кебекова казак-кыргыз фольклорундагы байланышты, А. Акматалиев Ч. Айтматовдун чыг-лыгынын түрк элдериндеги адабият менен карым-катышын С. т. м. аркылуу иликтешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]