Салыштыруунун даражалары

Википедия дан

Салыштыруунун даражалары - берилген затты же кыймыл-аракетти мүнөздөөчү белгинин даражасын билдирүүчү грамматикалык категория.

Кыргыз тилинде даража категориясы сын атоочторго жана тактоочторго мүнөздүү. Сапаттык сын атоочтор туюнтуучу белгинин кадимки нормада, андан басаң же анча-мынча, болбосо өтө эле айырмалуу экендигине жараша жай даражада (ак), басаңдатма даражада (агыш), салыштырма даражада (агыраак), күчөтмө даражада (аппак) болушу мүмкүн. Ал эми тактоочтун даражалары кыймыл-аракетке тиешелүү белгини көрсөтүп, жай даражада (эрте), салыштырма даражада (эртерээк), күчөтмө даражада (эң эле эрте) болушу мүмкүн. Сын атоочтун да, тактоочтун да жай даражаларынын формалдык көрсөткүчү жок, ал эми басаңдатма, салыштырма, күчөтмө даражалар аффикстердин жардамы (кыпкызыл, бозомук,

жашыраак, тезирээк) жана аналитикалык жол (эң жаш, өтө кызыл, чымкый көк, абдан кеч, араң-араң, ага караганда, бул өтө эле чоң) менен жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4