Сальдо

Википедия дан

Сальдо (итал. Saldo - эсептешүү, калдык) - 1) фирманын, ишкананын ортосундагы белгилүү бир убакытта түшкөн акчалай кирешеси менен чыгашасынын ортосундагы айырма; өлкөнүн экспорту менен импортунун ортосундагы нарктык (соода балансындагы сальдо), чет өлкөдөгү төлөмдөр менен ал жактан түшкөн акчалай каражаттардын (өлкөнүн төлөм балансынын сальдосунун) айырмасы. Ийгиликтүү оң сальдодо түшкөн киреше кеткен чыгымды жаап турса, тескери сальдодо түшкөн киреше кеткен чыгымды жапканга жетпейт; 2) биржалык операцияда; брокердик фирмага анын кардарларынын карызы же брокердик фирманын өз кардарларына болгон карызы; 3) бухгалтердик эсептөөдө счеттордун дебет жана кредит боюнча жазуу жыйынтыктарынын ортосундагы айырма.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]