Сальса бийи

Википедия дан

Сальса бийи - бул кыз жигит бийлеген латин америкалык бийлердин бири. Сальса XX-кылымдын ортосунда Латын Америкада жаралып андан соӊ АКШда кеӊири таралган. Сальса экпрессивдүү бий болуп, ар түрдүүлүгү жана импровизацияга бай компоненти менен белгилүү. Бийде зор чектелүүлөр болбогондуктан сальсаны жашына, салмагына жана дене түзүлүшүнө карабастан бардыгы бийлей алышат. Ушундай өзгөчөлүктөрү менен сальса дүйнө жүзүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болууда. Сальсанын популярдуулугунун натыйжасында бийдин бир нече түрлөрү/стилдери бир учурда ар башка өлкөлөрдө пайда боло баштаган. Айта кетсек, сальса-касино Кубада, сальса «Лос Анжелес» менен «Нью-Йорк» АКШда жаралган. Ошондой эле сальса бийи Венесуэлла, Улуу Британия, Пуэрто Рико жана Колумбия өлкөлөрүндө бири биринен айырмаланып турат. Сальсанын жактоочулкарынын айтымында бий учурларында алар ачык маанай менен позитивдүү эмоцияга кабыл болуп, жакшы эс алуу менен камсыз болушат. Сальсанын испан тилинен «ачуу соус» деген которулушу бийдин жогорку темптеги өзгөчөлүгүн даӊазалап турат.

Сальса бийинде жигит менен кызга таандык ролдор бар. Жигит «алып баруучу» ал эми кыз жигиттин- «ээрчигени». Сальсанын бардык кыймылын жана айлануу элементтерин жигит алып барат, ал эми кыз бийге көркөмдүүлүктү жана сулуулукту алып келет. Бий стилине жараша ар кандай аткарылышы мүмкүн, бирок анын негизги кыймылдары бат-бат-жай кадамдарын түзүп, музыканын төртүнчү соккусундагы ритмине туура келет. Ар бир төртүнчү кадам адамдын салмагын которуу, пауза кылуу же бийдин стилине жараша буту шилтөө же жерге катуу кадам салуу катарында колдонулат.

Сальса Кыргызстанда жаӊы кадамдарды жасоодо. Бишкекте сальсаны үйрөтүүчу бий мектептеринин бири «Sueno» бий мектеби болуп эсептелет. Бул мектеп бийди профессионалдык деӊгээлде эмес, «сүйүүчүлөр» катары үйрөтүп сальсанын жактоочуларынын санын Бишкектиктер арасында акырындык менен көбөйтүүдө. Бишкектеги сальсанын жактоочуларынын курамына студенттер, ар түрдүү кесиптин ээлери, бизнес адамдары жана сервис тармагында иштеген адамдар кирет. “Sueno” мектебинин демилгеси менен Бишкектин клубдарында латын америкалык бий боюнча кечелер өтүп турат. Мындай кечелер сальсаны практика түрүндө аткарып, жакшы манайды элге тартуулайт. «Sueno» мектеби туралуу маалыматты www.latinoinkg.wordpress.com интернет баракчасынан табууга болот.

Колдонулган сайттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A1%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D1%81%D0%B0_(%D1%82%D0%B0%D0%BD%D0%B5%D1%86) http://www.smdance.ru/salsa.php Archived 2011-05-11 at the Wayback Machine http://www.cuba.com.ua/cuba-music/articulo-salsa-baile.html