Самаганов Жээнбай

Википедия дан

Самаганов Жээнбай (1915–1980) - cынчы.

Жээнбай Самаганов 1915-жылы Ак-суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылында туулган.
Фрунзедеги педтехникумду 1935-жылы бүтүргөн.
1935–1937-жж. Лейлек районунда толук эмес орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.
1937–1939-жж. Ыраакы Күн Чыгышта Кызыл Армиянын катарында болгон.
1939–1941-жж. Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтунда окуйт. Согуш башталаар менен майданга жөнөп, Москванын алдында болгон согушта оор жарадар болот,
1943–1944-жж. пединститутта,
1947-жылга чейин СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил жана адабият институтунда аспирантурада окуйт.
1947–1952-жж. ошол эле институтта илимий кызматкер,
1952–1953-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда катчы,
1953-жылдан «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Фрунзедеги телестудияда башкы редактор, «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген.

Ж.Самагановдун биринчи макаласы 1946-жылы чыккан. Кыргыз-совет адабиятынын 1948–1955-жж. чыккан хрестоматиясынын биргелешкен автору. Ал В.Белинскийдин, Бичер-Стоу Гариеттин, Николай Дубовдун чыгармаларын которгон.
Ж.Самаганов 1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
«Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Москваны коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 20 жыл», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 30 жыл», «СССРдин Куралдуу Күчтөрүнө 50 жыл», «Улуу Атамекендик согуштун жеңишине 25 жыл» медалдары жана Эмгекчилер депутаттарынын Тоолуу Алтай областтык Советинин Аткаруу Комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

Адабият хрестоматиясы. (Орто мектептердин 10-классы үчүн). – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 451 б.

Советтик кыргыз адабияты боюнча хрестоматия. (Орто мектептердин 9–10-класстары үчүн. II бөлүк). – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 876 б. (К.Баялинов, П.Балтин менен бирге.)

Кыргыз совет адабияты. (Орто мектептин 10-классы үчүн хрестоматия.) – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 467 б. 1956. – 398 б. 1957. – 398 б. (К.Асаналиев менен бирге).

Советтик Кыргызстан адабияты: Жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 484 б.

Советтик Кыргызстан жазуучулары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 273 б.

Советтик Кыргызстан жазуучулары: Кыргызстан жазуучуларынын био-библиографиялык справочниги. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 600 б.

Максим Горький: Чыгармачылыгы, кыргыз адабиятындагы мааниси. – Ф.: Мектеп, 1966. – 63 б.

Максим Горький: Өмүр жана чыгармачылык жолу. – Ф.: Мектеп, 1975. – 76 б.

Советтик Кыргызстан жазуучулары: Био-библиографиялык справочниги. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 726 б.

Орус тилинде

Писатели Советского Киргизстана: Био-библиографический справочник. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 259 с.

М.Горький и киргизская литература. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 175 с.

Писатели Советского Киргизстана: Био-библиографический справочник. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 644 с.

КОТОРМОЛОРУ

Гарриет Бичер-Стоу. Том байкенин кепеси. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 408 б. Хижина дяди Тома.

Николай Дубов. Качкын. – Ф.: Мектеп, 1970. – 154 б.

Белинский В. Г. 1847-жылдагы орус адабияты жөнүндө ой. К–пте: В. Белинский. Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973, 158 – 273-б.

Ласкер Э. Виктор кантип шахмат мастери болду: Повесть /Котор.: Б.Самаганова, Ж.Самаганов. – Ф.: Мектеп, 1980. – 156 б.