Самаков, Жусуп

Википедия дан

Самаков Жусуп (1909-ж.т., Нарын району, Кара-Булак айылы) — комузчу, актёр.
1935-жылдан Нарын шаарындагы маданият үйүндө, музыкалык драма театрында иштеген. Жашынан ыр ырдап, комуз черткен.
Театрда коюлган спектаклдерде чакан ролдорду аткарган. Муратаалы, Токтогул, Карамолдо, Ыбырайдын жана башка классикалык күүлөрүн чертет. Элдик салт күүлөр "Камбаркан", "Ботой", "Кербез", "Шыңгырамалардын" үлгүлөрүн аткарат. Өзү "Соң-Көл", "50-жыл", "Салтанат" аттуу күүлөрдү чыгарган. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.