Самаков Расылбек Сырдыбаевич
Appearance
Самаков Расылбек Сырдыбаевич (22. 10. 1948-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - экономика илимдеринин кандидаты (1991), эл агартуунун отличниги, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
- Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1976).
- 1967-69-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
- 1970-ж. Суусамыр МЖСинде жумушчу, электр ширетүүчү, 1971-ж. Ленин атындагы заводдо куюучу болуп эмгектенген.
- 1979-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинин экономикалык география кафедрасында окутуучу, 1980-жылдан экономикалык факультеттин деканынын орун басары, университеттин студенттик жатаканаларды тейлөө боюнча башкарманын төрагасы болуп эмгектенет.
- Ал экология жана жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу деген монографиянын (1977) жана 35ке жакын илимий эмгектин автору.
- 2000-01-жылдары Жогорку Кеңештин материалдык техникалык жана финансылык жактан тейлөө департаментинин директорунун орун басары, 2001-05-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын Жогорку Кеңештин палаталарын материалдыктехникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн башчысы.
- 2005-жылдан Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан социалдык камсыздоо жана протоколдор бөлүмүнүн башкы кеңешчиси, текшерүү жана пропускалар секторунун башчысы болуп иштейт.
- Шааболот уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9