Самарбүбү Токтакунова

Википедия дан

Токтакунова Самарбүбү (1945-ж.т., Кемин району) - комузчу-аткаруучу. Кыргыз ССР эл артисти (1981), СССРэл артисти (1989).

  • Мамлекеттик Токгогул атындагы сыйлыгынын лауреаты (1984).
  • 1964-ж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн А. Асакеевден, К. Үкүбаевден окуган.
  • 1988-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун оркестр-дирижёрлук бөлүмүн бүткөн.
  • 1963 -88-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринде (1970-жылдан комузчу),
  • 1988-90-ж. «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук тобунда,
  • 1990-жылдан кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген.
  • Токтакунова элдик классикалык күүлөрдү жана Токтогул, Карамолдо, Шекербек, Ыбырай, Ныязаалы ж. б-дын күүлөрүн устаттыкта аткарат.

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк 11-фестивалынын (1978), Орто Азия республикаларынын, Казакстан зона аралык конкурсунун (1975) лауреаты.

Франция, Канада, АКШ, Япония, Түркия, Финляндия, Швейцария, Корея, Кытай, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты(1975). Вьетнам Республикасынын «Достук», Түркиянын «Даңк» медалы(1997), «Манас» ордени (2003), Монголия, Молдавия Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Түндүк Каролинанын ардактуу айымы (1986).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.