Саматов Кубатбек

Википедия дан

Саматов Кубатбек (16. 07. 1952-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы, Фрунзе кыштагы) - филология илимдеринин доктору (2003).

  • Кедей-дыйкандын үй бүлөсүнөн
  • 1960-1964-жылдары туулган жериндеги M. В. Фрунзе атындагы баштооч мектептен билим алган.
  • 1964- 1970-жылдары Кызыл-Дыйкан орто мектебинен окуган.
  • 1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз бөлүмүнө кирип, аны 3975-жылы «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүткөн.
  • К. Саматов Өзгөн районундагы О. Якубов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабият мугалими (1975-1977), «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» башкы редакциясында ага редактор (1977-1982), Бишкек шаарындагы «Мектеп» басмасында ага редактор (1986- 1989) болуп иштеген.
  • 1989-жылы ушул күнгө чейин (2005жылга дейре) Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетинин мамлекеттик тилдин теориясы жана практикасы кафедрасында ага окутуучулук жана доценттик орундарда иштеп келе жатат.

Кубатбек Саматов кыргыз филология факультетинде 1989-1996-жылдары факультет аралык Кыргыз тили кафедрасында, ал эми 1996-жылы октябрь айынан бери мамлекеттик тилдин теориясы жана практикасы кафедрасында окутуучулук кесипте эмгектенет.

Жогоруда аталган кафедраларда эмгектенүү менен кыргыз тилинин практикалык курсу факультеттердин өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырып, социология, эстетика, этика, философия, экономика, статистика боюнча 25 басма табак көлөмүндөгү орусча кыргызча сөздүк-минимумдары жана «Кыргыз адабияты» (1995, 1-2-бөлүк, көлөмү -30 б. т.; 2002, 1-2-бөлүк, 40 б. т.) аттуу хрестоматияны басмадан чыгарды. КМУнун аспирантурасын (1982-1985) бүтүп, «Кыргыз тилиндеги өң-түс сөздөрү» деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп (1997), филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган (1998).

КМУУнун докторантурасын бүтүп (1998-2001), «Кыргыз тилиндеги өң-түс сөздөрүнүн лексика-семантикалык жана стилистикалык мүнөздөмөлөрү» деген темадагы докторлук диссертациясын коргого н (2003).

К. Саматовдун негизги илимий багыттары: лексикология, этимология, семантика, лингвопоэтика, кыргыз тилин ЖОЖдордо экинчи тил катары окутуунун методикасы. Ал бүгүнкү күнгө чейин 150дей илимий эмгектердин автору. Такшалган жана тажрыйбалуу илимий редактор, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Жарчысынын» гуманитардык илимдер (филология, мамлекеттик тил) сериясынын уюштургуч адис редактору. 1995-жылдан бери КУУнун «филологиялык илимдер» аттуу илимий журналынын илимий редактору, илимий иштер боюнча факультеттин деканына орун басар.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын редакциялык бюросунун мүчөсү. 60 (алтымыштан) ашык макала түрүндөгү эмгеги жарык көргөн. Алар түрк (анын ичинде кыргыз) тилинин ар кандай актуалдуу маселелерине арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9