Самед Вургун

Википедия дан

Вургун Самед [азербайжан тилинде Səməd Yusif oğlu Vəkilov; 8 (21). 3. 1906, Россия империясы, Елизаветополь губерниясы (азыркы Азербайжан Республикасы, Казак району), Йухары-Салахлы (Yuxarı Salahlı) айылы 27. 5. 1956, Азербайжан ССРи, Баку шаары] – азербайжан эл акыны (1956), драматург, коомдук ишмер. Азербайжан Илимдер Академиясынын академиги (1945).

Алгачкы ырлары 1924-жылдан жарыялана баштаган. 1930-ж. «Акындын анты» (Şairin andı), 1934-ж. «Жүрөк дептери» («Könül dəftəri») 1935-ж. «Ырлар» («Şeirlər») ыр жыйнактарында революция, жаңы турмуш темасы орун алган. 1937-ж. жазылган «Вагиф» (Vaqif) драмасына 2-даражадагы Сталиндик (СССР мамлекеттик) сыйлык ыйгарылган. Азербайжан революционери Ханлар Гасан оглы Сафаралиевге арналып жазылган «Ханлар» («Xanlar») тарыхый драмасы 1939-ж. жарык көргөн. Низаминин «Хосров менен Ширин» поэмасынын сюжетинин негизинде 1941-ж. ыр менен жазылган «Фархад-Ширин» драмасы дагы экинчи даражадагы Сталиндик сыйлыкка татыган. 1941-ж. «Эне сөзү» («Ananın öyüdu»), 1942-ж. «Украин партизандарына» («Ukrayna partizanlarına»), 1948-ж. «Муган» («Muğan»), «Негр сүйлөйт» («Zəncinin arzuları»), 1950-ж. «Ленинди окуп» («Leninin kitabı»), 1951-ж. «Айгюн» («Aygün»), 1952-ж. «Кылымдын туусу» («Zamanın bayraqdarı»), ж. б. поэмаларында ата мекенге болгон сүйүү, достук сезимдери чагылдырылган. А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», Низаминин «Лайли менен Мажнун», Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастандарын азербайжан тилине которгон. Вургун Самед СССР Жогорку Советинин (1-4-шайланышы) депутаты. Эки Ленин ордени, башка орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]