Мазмунга өтүү

Самудинов Токтосун (Т. Мидинов)

Википедия — ачык энциклопедия
Токтосун Самудинов
Туулган датасы:

5 -сентябрь 1941(1941-09-05) (84 жаш)

Туулган жери:

Сокулук айылы, Сокулук району

Ишмердүүлүгү:

поэзия

Дебют:

«Тоолор гана көрүшпөйт» (1974)

Самудинов Токтосун (Т. Мидинов)акын.

Өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтосун Самудинов Сокулук районунун Сокулук кыштагында 1941-жылы 5-сентябрда туулган.

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, журналисттик кесипке ээ болот.

Н.Г.Чернышевский атындагы Республикалык китепкананын басма бөлүмүндө редактор, Кыргыз телестудиясында редактор, «Ленинчил жаш» гезитинде башкы редактордун кызматтарында иштеген.

1977-жылы негизделгенден бери «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, биринчи китеби 1971-жылы «Тоолор гана көрүшпөйт» деген ат менен жарыкка чыккан. Ырлары мурдагы СССР элдеринин бир катар тилдерине, ошондой эле англис, француз, испан тилдерине которулган.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Тоолор гана көрүшпөйт: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан,1971. – 34 б.
  2. Салам кат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 36 б.
  3. Ат чабыш: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 120 б.
  4. Мээр чөп: Ырлар пародиялар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 156 б.
  5. Алтын сырга: Ырлар, уламыш, пародиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 88 б.
  6. Жашынмак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 72 б.
  7. Бешик ыры: Ырлар жана пародиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 124 б.
  8. Кол чатыр: Ырлар. – Ф.: Адабият,1989. – 128 б.
  9. Сүзөнөөк ырлар же 101 пародия: Ырлар. – Б.:Кыргызстан, 1998. – 108 б.
  10. Чаң баспасын сөздөрдү: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 128 б.
  11. Той кечеге тосттор: Ырлар, юморлор, афоризмдер. – Б., 1999. – 128 б.
  12. Даанышман ойлор: Афоризмдер, макал-лакаптар. – Б., 2000. – 134 б.
  13. Тандамал: Ырлар жана пародиялар. – Б., 2003. – 230 б.
  1. Долг: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1982. – 100 с.
  1. Инбер В.М. Апрель: Ленин тууралуу ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 31 б.
  2. Куприн А. Ак жолтой доктор: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 42 б.
  3. Кильчичаков М. Марал эмне үчүн мүйүзүн таштайт? /Котор.: Т.Самудинов, Ж.Алыбаев. – Ф.: Мектеп, – 58 б.
  4. Симонов К.М. Аңгемелер /Котор.: Ж.Алыбаев, С.Карымшаков, Т.Самудинов. – Ф.: Мектеп, 1983. – 96 б.
  5. Куприн А.И. Аңгемелер /Котор.: К.Саякбаев, Т.Самудинов, А.Кыдыров. – Ф.: Мектеп, 1984. – 59 б.
  6. Махмуд Тофик. Жаңгак: Ырлар / Котор.: Т.Самудинов, А.Кыдыров. – Ф.: Мектеп, 1987. – 51 б.

Жетишкендиктери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы (1976) жана эки жолу (1972,1981) Грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.

1992-жылы «Кол чатыр» жана «Чаң баспасын сөздөрдү» деген китептери үчүн Алыкул Осмонов атындагы жана 1997-жылы балдар адабияты менен балдар басма сөзүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

2004-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген ардактуу наам берилген.