Самыйкожо уулу Мирлан

Википедия дан

Самыйкожо уулу Мирлан – акын. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2002-жылы Чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон.

2003–2004-жж. “Бийиктик” басмаканасында “Маданий иштерди жайылтуу”, “Менеджер” болуп иштеген. 2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси, 2007–2008-жж. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы, 2008-жылдын май айынан Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүндө эмгектенип келет.

Алгачкы ырлары 1998–2000-жж. Ак-Талаа районундагы “Айыл турмушу” гезитинде жарык көрүп, 2001–2002-жж. республикалык “Аалам”, “Кыргыз Туусу”, “Кыргыз Руху” “Кыргыз караван” ж.б.у.с. гезит-журналдарда жарыяланган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Ж.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2008-жылы жылдын мыкты жазуучу-акындарын аныктаган Эл аралык сынакта “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Кыргызстандын канаттуу келечеги” деген наамы ыйгарылган.

2005–2008-жж. Республикалык деңгээлдеги мыкты аңгеме жана пьесалар, сын жана рецензиялар боюнча “Калемгер” адабий клубу тарабынан жарыяланган адабий сынактардын жыйынтыгында “Булак 1”, “Булак 2”, “Булак 3” аңгемелер топтомунун, “Булак 1”, “Булак 2” пьесалар топтомунун түзүүчүсү болгон.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2021 жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты

Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөккө түшкөн чагылган: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 83 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]