Сангина

Википедия дан

Сангина, сангин (французча  sanguine; латынча sanguis – кан) – кызыл-күрөң түстөгү, көбүнчө таякча түрүндөгү (карандаш деп аталган) сүрөт тартуу үчүн даярдалган материал. Кайра жаралуудан баштап, Европада табигый минералдан алынган С. («кызыл бор») колдонула баштаган. Азыркы С. жасалма болот. С-нын түстүк ыраңы күрөңдөн көрөкчө кызылга жакын болот. Ушул материал менен аткарылган сүрөт техникасын да С. деп аташат. Негизинен С-ны Италия карандашы же пресстелген көмүр сыяктуу колдонушат. Кээде алар менен бирдикте пайдаланышат. С. менен тартылган сүрөттү андан соң бекемдешпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]