Сандра Буллок

Википедия дан

Сандра Аннетт Буллок (англ. Sandra Annette Bullock, айтылышы: /ˈsændrə ˈbʊlək/; 1964-жылы 26-июль) – америка жана немис актрисасы, продюсер жана филантроп.

1987-жылы Буллок "Желдет" (англ. Hangmen) триллер жанрындагы тасмада майда роль аткарып биринчи жолу тасмада тартылган, актриса биринчи телевизиондук тасмадагы ролун "Бионикалык тирешүү: Алты миллиондук адам жана бионикалык аял" (англ. Bionic Showdown: The Six Million Dollar Man and the Bionic Woman, 1989) аталышындагы тасмада аткарган жана NBC каналынын "Ишкер кыз" (англ. Working Girl) кыска жандуу ситкомунда башкы ролдо тартылган. Актриса "Кыйратуучу" (англ. Demolition Man, 1993) тасмада роль аткарып кеңири таанымал болгон. Кийинчирээк актриса бир канча ийгиликтүү тасмаларда тартылган, алар: "Тездик" (англ. Speed, 1994), "Сен уктап жатканыңда" (англ. While You Were Sleeping, 1995), "Желе" (англ. The Net, 1995), "Өлтүрүү заманы" (англ. A Time to Kill, 1996), "Үмүт чөкпөйт" (англ. Hope Floats, 1998) жана "Иш жүзүнө ашырылган сыйкыр" (англ. Practical Magic, 1998).

Кийинки он жылдыкта актриса "Сулуу тыңчы айым" (англ. Miss Congeniality, 2000), "Эки жумалык эскертүү" (англ. Two Weeks Notice, 2002), "Кагылышуу" (англ. Crash, 2004), "Сунуш" (англ. The Proposal, 2009) жана "Сара менен Шеннон" (англ. The Heat, 2013) сыяктуу тасмаларда роль аткарып чоң ийгиликтерге жеткен. Актриса "Көрүнбөгөн тарап" (англ. The Blind Side, 2009) тасмада Ли Энн Туинин ролун аткарып, "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актриса" номинациясына жана "Алтын глобус" сыйлыктын "Драма жанрындагы тасмада тартылган эң мыкты актриса" номинациясына ээ болгон, ал эми "Гравитация" (англ. Gravity, 2013) тасмадагы ролу үчүн ушул эле номинациялардын талапкери болгон. Актрисанын финансылык жактан эң ийгиликтүү иши "Миньондор" (англ. Minions, 2015) күлкүлүү окуялуу мультфильми 1 миллиард доллар кассалык чогултууларды жыйнаган. 2007-жылы актриса иши акысын көп ала турган Голливуд актрисасы болгон. 2015-жылы People журналы актрисаны "Эң сулуу аял" деп атаган.

Актердук кесибине кошумчалуу Буллок Fortis Films тасма өндүрүш компаниянын негиздөөчүсү. Буллок бир канча тасма чыгарган, алардын ичинде өзү тартылган "Эки жумалык эскертүү", "Сулуу тыңчы айым 2: Укмуштуу жана кооптуу" (англ. Miss Congeniality 2: Armed and Fabulous) жана "Бардыгы Стив үчүн" (англ. All About Steve). Буллок ABC каналынын "Жорж Лопез" (англ. George Lopez) ситкомдун аткаруучу продюсери болуп бир канча экизодторунда тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]