Санитариялык агартуу

Википедия дан

Санитариялык агартуу - калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, ошондой эле жалпы санитариялык маданиятын жогорулатуу максатында медициналык жана гигиеналык билимге үйрөтүү, туура эмгектенүү, эс алуу, тамактануу тартиби жөнүндө билимди таратуу, түрдүү оорулардын пайда болуу себептери жана ага каршы күрөшүү жолдорун элге тааныштыруу саламаттык сактоо боюнча закондоруна ылайык саламаттык сактоо мекемелери жана уюмдары маданий, илимий жана эл агартуу мекемелери, уюмдары менен бирдикте, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун активдүү катышуусу менен элди илимий медициналык жана гигиеналык жактан окутуу милдеттендирилген.

Санитариялык агартуу иштерин жүргүзүү медициналык кызматкерлердин милдети. Санитариялык агартуу ишинде медициналык кызматкерлердин лекция жана аңгемелери, ошондой эле медициналык билимдерди элге таратууга массалык информация (басма сөз, радио, кино, телекөрсөтүүлөр) кеңири колдонулат. Азыркы мезгилде ден соолуктун элдик университеттери кеңири тарады. Алар санитариялык-агартуу, маданият үйлөрүндө, медициналык окуу жайларда түзүлөт. Аны уюштуруу жана жетектөө иштеринде «Билим» коому катышат.

Санитариялык агартуу үйлөрүнүн райондук, шаардык, областтык жана республикалык бөлүмдөрү түзүлгөн. Санитариялык агартуу үйлөрү саламаттык сактоонун негизги милдеттеринин жана иш-чараларынын негизинде коомдун жана элдин сунушун, каалоолорун эске алуу менен Санитариялык агартуу иштеринин планын түзөт. Санитариялык агартуунун багыты жана темасы мекеменин адистештирилишине, профилине, оорулуулардын составы жана калктын ооруга чалдыгуу деңгээлине жараша болот. Санитариялык агартууда жүрөк-кан тамыр, шишик, туберкулёз ооруларынан алдын ала сактанууга көңүл бурулат. Ошондой эле анда эмгекти жана эс алууну туура, рационалдуу уюштуруу, тамактануу тартиби, денени чыңдоо, эне жана баланы коргоо жана башкалар проблемалар маанилүү орун ээлейт. Азыркы убакта сергек жашоого үгүттөө, башкача айтканда физкультура жана спортко катышууга чакыруу, алкоголь ичүүгө, тамеки, наша тартууга каршы күрөшүү боюнча үгүт-насыят иштери жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8