Санитария-эпидемиологиялык станция

Википедия дан

Санитария-эпидемиологиялык станция (СЭС) - санитария-эпидемиологиялык кызматтын адистештирилген негизги комплекстүү мекемеси.

Алгачкы СЭСти ата мекендик окумуштуу Ф. Ф. Эрисман Москва жана анын айланасындагы санитария-эпидемиологиялык абалды изилдөө үчүн уюштурган. Ал өзүнө тиешелүү аймакта мамлекеттик санитариялык көзөмөлдү, жугуштуу, мите жана кесип ооруларын алдын алуу жана жок кылуу, чөйрөнү булгануудан сактоо чараларын ишке ашырат. Бул максатта СЭСте дезинфекция жасоочу аппарат жана техника менен жабдылган лабораторияларда квалификациялуу врачтар, орто медициналык кызматкерлер иштейт. Анда санитария-гигиеналык, эпидемиологиялык жана дезинфекциялык жана башкалар бөлүмдөр болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8