Санитария баштыгы

Википедия дан
Санитария баштыгы
Лейкопластырь — биринчи жардамда кеңири колдонулуучу каражат

Санитария баштыгымедициналык биринчи жардам көрсөтүүгө арналган атайын иреттелип салынган дары-дармек жана таңгыч каражаттар жыйындысы.
Баштыкча брезенттен жасалып, ар кайсы дары-дармек жана таңгычтар салууга ыңгайлуу чөнтөкчөлөрү болот. Анда натрий гидрокарбонат күкүмү нашатырь спирти, йоддун спирттеги эритмеси; таңгыч каражаттардан — даки бинттер, ным тарткыч жана компресс жасоо үчүн кебез, таңгыч пакеттер, оролгон даки салфеткалар, медициналык жоолук, лейкопластырь жана башкалар болот. Ошондой эле кан токтоткуч буугуч, бычак, кайчы, блокнот жана карандаш, шприц-тюбик (бош) жана башкалар болууга тийиш.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8